Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. 2025-жылга чейинки божомол боюнча Кыргыз Республикасындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40% кыскарышы мүмкүн, анын аркасынан Борбордук Азияда дарыялардын суулары 25-35% тартылышы ыктымал. Мындай кооптонууларын Президент Алмазбек Атамбаев 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн кесепети коркунучтуу деңгээлге жетип, Кыргыз Республикасы сыяктуу тоолуу өлкөлөр татаал тоолуу экосистемасы болгону үчүн тобокелчилик тизмесинде биринчилерден болуп калды.
"Климаттын өзгөрүшү Кыргыз Республикасынын экономикасынын бардык секторлоруна таасир тийгизип, тоолуу аймактарда жаратылыш кырсыктары - сел, жер көчкү, суу ташкыны жана кар көчкүлөр тез-тез кайталанып, олуттуу зыян келтирип жатат. Жаратылыштын сактоочусу, Борбордук Азияда гана эмес, дүйнөдө таза суунун калыптанышынын зонасы болуп эсептелген кыргыз мөңгүлөрүнүн ыкчам эрий баштагандыгы биздин өзгөчө тынчсыздандырып жатат", - деп белгиледи Атамбаев.
Ал 2100-жылга карата Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү Жер бетинен биротоло жоголуп кетиши мүмкүн. экенин белгиледи.
"Ошондуктан биздин мамлекет жогору жайгашкан өлкөлөрдүн тоолуу экосистемалардын мөңгүлөрүн сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдойт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнүн түпкү маңызы адамзаттын жашоосун улантып, ошол эле учурда биосфераны сактап калууда. Климаттын өзгөрүшүнөн улам биздин тоолуу экосистемабыздын биоартүрдүүлүгү жоголуу коркунучунда калды. Тактап айтканда 90-жылдардан тартып дүйнөдө ак илбирстин саны эки эсеге - 7000ден 3500 чейин кыскарган", - деп кошумчалады КР президенти.
Пикир
Оставить комментарий