Атамбаев: Мен ар дайым Кыргызстан элинин колдоосун сезип турдум

Президент 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салт катары «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы жолугушууга чогулгандардын айылдарда, райондо мектептердин жана балдар бакчаларынын курулушу, жолдордун тармагын өнүктүрүү жана таза суу менен камсыздоо, чет мамлекеттерден келген этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жарандыгын алуу маселелеринин чечилишине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев райондун жашоочуларына президенттик кылган мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен ар дайым Кыргызстан элинин колдоосун сезип турдум. Ошондуктан көп иштерди жасоого үлгүрдүм. Элимдин аркасы менен, элимдин колдоосу менен», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өз жолун тапты, кен байлыктар, ресурстар элдин кызыкчылыгына иштеген өлкөгө айлангандыгын белгиледи. Өлкөбүз ушул жолдон тайбайт деп баса белгиледи ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент жарандар тарабынан атылган өтүнүчтөрдү жана сунуштарды чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий