• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Атамбаев өлкө мусулмандарын Орозо айы менен куттуктады

Президент 0


Бишкек, 26-май /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкө мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчы өлкөнүн жалпы мусулмандарын ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Президент жана муфтий Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалагынын ишмердигин талкуулашты.

Мындан тышкары, жаралып жаткан коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу, өлкө элин бириктирүү маселелерине көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий