Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министрин кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 30-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-майда өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы маданият кызматкерлерин колдоо, маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле, өлкө калкынын маданий мурастарын сактоо жана мындан ары карай өнүктүрүүнү камсыз этүү боюнча ведомстволуктун иши тууралуу маалымат алды.

Өлкөдө руханий кайра жаралуу процесстери жана жалпы эле маданият жаңы дем менен өнүгүү жолуна түшкөнүн эске алуу менен Түгөлбай Казаков Ыйман, адеп жана тарбия Жылынын алкагында коомчулукту, өзгөчө балдарды жана жаштарды кеңири тартуу менен жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Түгөлбай Казаков ошондой эле өлкөнүн маданият кызматкерлерин социалдык коргоо, анын ичинде турак-жай менен камсыз кылуу жана маданий мекемелердин ишин материалдык жактан камсыз этүү боюнча пландарды да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий