• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Атамбаев: “Таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги”

Президент 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 16-октябрда, 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоолорго байкоочу болуп келген эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ЕККУ бюросунун, БДИПЧ/ЕККУнун, ШКУнун, Европалык парламент, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын, Ислам Кызматташуу Уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссияларынын өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы эл аралык байкоочуларга президенттик шайлоону өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги экендигин баса белгиледи. “Эки революция тең парламенттик жана президенттик шайлоолорду таза эмес өткөрүүдөн келип чыккан. Буга чейин биз парламенттик шайлоону өткөргөнбүз, эсимде биз абдан толкунданып күтүп олтурганбыз. Ал кезде биометрикалык шайлоолор эксперимент болчу,- деди Президент. – Эртең менен күч түзүмдөрүнүн министрлерин чакырдым, алар митингдер, пикеттер жок дешти. Мындайча айтканда таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги”.

Мамлекет башчысынын айтымында шектенүү болгон жерлерде жарандар урнаны ачып, бюллетендерди кайра санаса болот. “Адамдар шайлоолор таза экендигин, анын добушу эске алынгандыгын түшүнүп турушат. Ал тургай кимдир бирөө, айталы начальниги буга же тигиге добуш бер десе, же бир бай адам акча берсе дагы кабинкага киргенде өзүң добуш бересиң. Мунун баарын көзөмөлдөгөнгө болбойт. Биз шайлоонун купуялуулугун, ачыктыгын камсыз кыла алдык”, -деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев таза шайлоо – өмүрүнүн максаттарынын бири экендигин баса белгиледи. “Эми мен Кыргызстан үчүн санаам тынч. Мындан кийинкиси мындан дагы таза болот. Биз экономикалык кыйнчылыктардан эми гана чыгып жатабыз, мындан 3-4 жыл мурда жолдор, свет жок эле. Бирок биз эч нерсеге карабастан таза шайлоо өткөрүүгө акча аябайбыз, -деп, жардам көрсөткөн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. – Көпчүлүк Атамбаев таза шайлоо өткөрүүгө эмне үчүн мынчалык басым жасайт деп таң калышкан. Анткени бул тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого көз салган эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчылары Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады.

“Жаңы технологияларды пайдалануу менен шайлоолорду өткөрүү КМШнын башка өлкөлөрүнө жакшы үлгү боло алат”, -деди КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы-аткаруучу катчысы Сергей Лебедев.

Анын сөзү боюнча шайлоолор Кыргызстан элинин жоопкерчилигин жана кеменгерлигин көрсөттү.

“КМШ байкоочулар миссиясы президентти шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде иштеп жатып, шайлоолор өлкөнүн конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келет, демократиялык шайлоолорду өткөрүүнүн эл аралык ченемдерине жооп берет деп жыйынтык чыгардык”, -деди ал.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Кыргызстанда шайлоолорго карата жогорку даярдыкты белгиледи.

“ Кыргызстандын Президентин шайлоолорго дүйнө өлкөлөрү көз салып турат. Биз республиканын жакшы тажрыйбасын сөзсүз изилдеп чыгышыбыз керек деп ойлойм. Азыр эле Кыргызстанда шайлоолор системасы жаңы деңгээлге чыкты деп ишенимдүү айтсак болот”, -деди Виктор Заварзин.

Европалык парламенттин делегация башчысы Лайма Лючия Андрикиененин айтымында байкоочулардын миссиясы президенттик шайлоодо пайдаланылган техникалык жаңылыктарга зор кызыгуу менен көз салып жатат. ”Европа союзунун өлкөлөрүндө добуштар кол менен эсептелет. Бул жерде биз шайлоочуларды биометрикалык каттоодон өткөрүүнү, ошондой эле автоматтык түрдө добуштарды эсептөөчү урналарды пайдалануу тажрыйбасына абдан кызгануу менен көз салдык”, -деди ал.

Эл аралык байкоочулардын миссия башчылары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону демократиялуу өткөрүүдө Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин эмгеги зор экендигин бир пикирден белгилешти.

“Сиз президенттик кылган жылдары жетишкен тынчтык жаан туруктуулук бардык регионго жакшы таасир тийгизип жатат”, -деди Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын өкүлү Фиала Дорис.

Пикир

Оставить комментарий