• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Атамбаев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Президент 0


БИШКЕК, 16.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-августта, өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышкан жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёвдин кыргыз-өзбек кызматташуусун чыңдоого кошкон салымы зор экендигин белгилеп, Өзбекстандын Өкмөт башчысынын Кыргызстанга сапары достук жана жакшы коңшулаштык салттарынын, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берээрине ишенимин билдирди.

Премьер-министр Абдулла Арипов Президент Алмазбек Атамбаевге Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёвден салам айтып, өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерин чыңдоого багытталган ишти мындан ары дагы улантууга даяр экендигин маалымдады.

Мамлекет башчысы Өкмөт башчыларына маселелерди конструктивдүү диалогдун жолу менен чечүүгө саясый эрк бар экендигин эске алуу менен, эки тараптуу кызматташуу жана өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун алкагындагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана жыйынтыктуу болушун каалады.

Пикир

Оставить комментарий