Атамбаев жер көчкүдөн жабыркаган өзгөндүктөр менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ынтымак айылында жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту. Табийгат кырсыгынын кесепетинен жабыркаган жашоочулар Ынтымак айылына көчүрүлүп, ал жерде жаңы үйлөрүн куруп жатышат. Айылда электр, таза суу менен камсыз кылуу жана жол салуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун алдында табийгат кырсыгынан улам каза болгондорго арналып куран окулду.

Чогулган элдин алдына чыгып Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Алмазбек Атамбаев үйдү камсыздандыруунун маанисин жана зарылчылыгын баса белгиледи.

“Сиздер жаңы конушка кандай маанай менен келгениңиздерди билем. Өз жериңерди таштап кетиш кыйын, бирок бир аздан кийин бул жакка көптөр көчүп келет. Буйруса бул жерде жакшы айыл болот, мектеп, жашоого керектүү бардык зарыл нерселер курулат. Өмүргө коркунуч келтирген жерлерден көчүш зарыл, анткени биринчи кезекте, мал жана чарба жөнүндө ойлонбостон, өмүр жана коопсуздук жөнүндө, ден-соолук, балдардын келечеги тууралуу ойлонуш керек. Жарандар акчаларын сигаретке жана аракка, тойлорго коротот, ал эми айына турак жайды камсыздандырууга 50 сом таба алышпайт. Мен жарандарыбызды турак жайды камсыздандырууга чакырып кетээр элем, себеби бул абдан маанилүү жана зарыл иш”,- деди ал. – Камсыздандыруу тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына эки жылдан ашса дагы адамдар азыр да турак жайын камсыздандырууга шашылбай жатат”.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары көп иштерди аткарууга жетишкендигибизди, бүгүн Кыргызстан башка мамлекет экендигин белгиледи. “Бүгүн биз акыркы 5-6 жылда Кыргызстан бутуна бекем турду деп ачык айта алабыз. Эми биз светти, газды өчүрөт, жолду бууйт деп коркпой калдык”, -деди Президент.

Алмазбек Атамбаев жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө 26 жылдан бери көйгөйлүү болуп келе жаткан чек ара маселелери чечиле баштагандыгын айтып берди.

“Келерки жумада өлкөбүзгө Өзбекстандын Президенти келет. Аны менен мамилебиз абдан жакшы. Эки жума мурда эки өлкөнүн премьер-министрлери кезигишкен, чек аралардын 84 % боюнча макулдашууга кол коюлду. Өзбекстандын премьер-министри 26 жылдын ичинде Кыргызстанга биринчи жолу келип олтурат” -деди Президент.

Мамлекет башчысы декабрь айында кызматынан кетип жаткандыгын эске салып кетти.

“Өзүм тарбиялаган жаш жигит Премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жолду улап кетээрине ишенем. Алар аягына чыгарылбай калган иштерге, анын ичинде Ынтымак айылы дагы бүткөрүлүшүнө көзөмөл кылат”, -деп Президент мөөнөтү аяктагыча 2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынаарын кошумчалады.

Сөзүн аяктап, Президент Алмазбек Атамбаев жабыркаган райондун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. Курман айт күнү табийгат кырсыгында каза болгондорду эскерип куран түшүрүп коюу үчүн 200 000 сом тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий