• 84.2
  • 92.94
  • 0.93

Атамбаев ЖКнын жаңы Төрагасына ыйык Куранды жана «Манас» эпосун белекке берди

Президент 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев Дастанбек Жумабековду жогорку жана жооптуу кызматка шайланышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин Төрагасына ыйык Куранды жана «Манас» эпосун белекке берип, бүгүн да кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн күрөшү уланып жатканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттин ишиндеги конструктивизмди өнүктүрүү жана көпчүлүк коалициясы менен парламенттик оппозициянын өз ара аракеттерин өркүндөтүү аркылуу Жогорку Кеңештин ишмердиги мындан ары да өлкөнүн саясый системасынын туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө болоруна үмүт артып жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнү 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын, биринчи кезекте экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, бизнес менен ишкердик үчүн шарттарды андан ары жакшыртууга, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган маанилүү реформаларды жүзөгө ашырууда Жогорку Кеңештин өзгөчө ролун баса белгиледи .

Пикир

Оставить комментарий