Атамбаевдин саламаттыгы начарлады. Ооруканага которулушу мүмкүн – Ташиев

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлады. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Атамбаев учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

«Чынын айтыш керек, анын ден соолугу анча жакшы эмес. Эртең барып көрөм. Эгерде саламаттыгы жакшырбаса, анда аны башка жерге которуу чечимин кабыл алам. Балким ооруканага», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий