• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Атамекендик өндүрүүчүлөр өлкөнү толук тоок жумурткасы менен камсыздай алды

Экономика 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Атамекендик өндүрүүчүлөр өлкөнү толук тоок жумурткасы менен камсыздай алды. Бул тууралуу “Тоок жумурткасы” кластеринин төрайымы Нургүл Малабаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга тоок жумурткасын сырттан ташып келүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынгандан кийин ишкерлер сезилерлик жылыштарды байкашты. Жергиликтүү ишканалардагы иш орундарын сактап калууга өбөлгө түзүлүп, өлкөнү жумуртка менен камсыздоо абалы жакшырды.

“Мамлекет тарабынан өз убагында колдоо көрсөтүлүп турганда, өндүрүүчүлөр өсүп-өнүгүүгө жолдор бар экенине ынанышат. 2023-жылы Кыргызстанды жумуртка менен биз болгону 53% гана камсыздап келгенбиз. Мамлекеттин жүргүзүп жаткан иштеринен соң, биз 100%га камсыздай ала турганыбызды көрсөттүк”, - деди ал.

Ошондой эле ал президенттин “Агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, бир катар жеңилдиктер караларын, көп иштерге мүмкүнчүлүктөр ачыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий