“Атанын керээзин” тарткан оператордун эмгеги Якутия фестивалында бааланды

Маданият 0

Бишкек, 11.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. 2017-жылдын 10-сентябрында V Эл аралык Якутия кинофестивалы аягына чыкты.

Фестивалдын негизги катышуучуларынын катарына Бакыт Мукул менен Дастан Жапардын “Атанын керээзи” тасмасы киргизилген болчу. Бул тууралуу kyrgyzcinema расмий баракчасында маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, калыстар тобу тасманын койгон оператору Акжол Бекболотовдун ишин баалап, ага “Мыкты оператордук иш” наамын ыйгарышты.

Эске сала кетсек, кинофестиваль 6нан 10-сентябрга чейин өткөрүлдү. Бардыгы болуп негизги сынакта сегиз тасма катышкан. Алардын арасында россиялык режиссер Борис Хлебниковдун “Аритмия” картинасы жана корей режиссеру Ким Ки Дуканын жаңы “Сеть” тасмасы бар.

Фестивалдын негизги сынагында көрсөтүлгөн тасмалар:

  1. “Аритмия”, реж. Б. Хлебников / Россия, Финляндия, Германия, 2017
    2. “Атанын керээзи”, реж. Д. Жапар уулу, Б. Мукул / Кыргызстан, 2016
    3. “Костер на ветру”, реж. Д. Давыдов / Россия (Якутия), 2016
    4. “Кэрэл. Невидимая красота”, реж. И. Портнягин, В. Макаров / Россия (Якутия), 2017
    5. “Ньютон”, реж. А. В. Масуркар / Индия, 2017
    6. “Саамская кровь”, реж. А. Кернелл / Дания, Швеция, Норвегия, 2016
    7. “Сеть”, реж. К. Ки-Дук / Түштүк Корея, 2016
    8. “Тараз”, реж. Н. Адамбай / Казакстан, 2016.

Иш чаранын уюштуруучулары – Саха (Якутия) Республикасынын өкмөтү, РФнын маданият министрлигинин колдоосу менен биргеликте жана Россия киноматографисстер Союзу.

“Атанын керээзи” жаш Азат деген бала тууралуу. Ал арадан көп жылдар өткөн соң, атасынын керээзин аткаруу үчүн мекенине кайтып келет.
Тасма “Эльфильм” студиясында “Кыргызфильм” менен биргеликте тартылган.

Пикир

Оставить комментарий