• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объектилер качан буздурула баштайт? Мэрдин жообу

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн маалымат жыйынында Ататүрк сейил багында мыйзамсыз курулган объектилер качан буздурула баштарын айтты.

Анын айтымында, бүгүн ыйгарым укуктуу орган укук белгилөөчү документтерди көрсөтүү боюнча билдирүүлөрдү жөнөтө баштады.

“Биз бул чечимди кабыл алып жатканда этап-этабы менен ишке ашыра турган милдеттерди алдыга койгонбуз. Эгерде ошондо сейил бактын чек аралары өзгөртүлсө, азыр бул маселени көтөрбөйт элек. Биздин азыркы чечимибиз 1992-жылы кабыл алынган чечимди тастыктайт. Учурда биз укук белгилөөчү документтерди берүү боюнча билдирүүлөрдү тарата баштадык", - деди ал.

Муниципалитеттин башчысы белгилегендей, ал бузуу иштери качан башталарын так айта албайт.

«Анткени, бул бизге эле эмес, укук коргоо жана сот органдарынын чечимдерине да тиешелүү», - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий