Ататүрк сейил багынын аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды

Коом 0


Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил бактын чыгыш тарабында жайгашкан объектилерди алуу иштери башталды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, учурда Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда.

Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Ошондой эле жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты.

Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Шаардык мэрия жарандардан жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранат. Болбосо, КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий