Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. 2027-жылдын аягына чейин Нарын облусунда "Атбашы" заманбап дүң жана чекене соода комплекси ачылат. Ал Хоргос (Казакстан-Кытай), Дордой (Кыргызстан) жана Абу Сахийден (Өзбекстан) кийинки төртүнчү ири хаб болуп калат.
Аянты 129 900 чарчы метр болгон комплекс эл аралык стандарттарга жооп берген инфраструктураны камтыйт. Анын курамына бажы жеңилдиктери бар зоналар, логистика үчүн акысыз кампалар, көп функциялуу соода павильондору, көргөзмө залдары жана конокторду жайгаштыруу үчүн аймактар кирет.
"Атбашы" эл аралык соода жана логистикалык борборунун адистеринин айтымында, жаңы комплекстин соода жүгүртүүсү алгачкы үч жылда жыл сайын 100 млн долларды түзөт, андан кийин борбор жылына 500 миңге жакын соодагерлерди кабыл алат .
«Долбоор өзүнүн масштабы жана мүмкүнчүлүктөрү менен буга чейин өндүрүүчүлөрдүн, импортерлордун жана инвесторлордун көңүлүн бурган. Чекене соода аянтынын ишке кириши 2025-жылдын башына пландаштырылган. Ата мекендик компаниялар, анын ичинде чакан жана орто бизнес соода комплексинин аймагындагы коммерциялык кыймылсыз мүлккө инвестициялай алышат», - деп белгиледи “Атбашы” соода комплексинин директорунун орун басары Руслан Алыбаев.
Борбор Ozon, Yandex Market, Alibaba, Pinduoduo, Taobao, Wildberries, Avito, Satu сыяктуу дүйнөлүк базарлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кытайлык Temu платформасы менен келишим түзүүгө азыртадан даярданып жатат. Бул акыркы керектөөчүлөр үчүн тез жеткирүүнү, сатуучулар үчүн чыгымдарды азайтууну жана кыргызстандык ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү камсыз кылат.
«Комплекстин заманбап инфраструктурасы бизнести электрондук коммерцияда жана салттуу оффлайн форматында да жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Сатып алуучулар бажы төлөмү жок соода-сатыктарга, оюн-зоок, көргөзмө мейкиндиктери жана эс алуу зоналары бар шопинг-турларга мүмкүнчүлүк алышат», - деп кошумчалады Руслан Алыбаев.
Пикир
Оставить комментарий