Аткаруу бийлигинин маморгандарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 14.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобо бекитилди.

Чечим Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Ошону менен, кабыл алынган чечимге ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн стандарттуу анкета бекитилген.

Мындан тышкары, бул документ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине кезектеги жылга карата Статистикалык программада аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөөнү кароо, ошондой эле калкты сурамжылоо жана маалыматтарды иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн натыйжаларды, көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана сунуштарды камтыган аналитикалык кат берсин.

Калктын ишеним деңгээлин өлчөө боюнча сурамжылоо жүргүзүүгө байланышкан иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий