• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоо жана берүүгө тыюу салынат. Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Улуттук авиациялык системаны чыңдоо, ошондой эле анын ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга КР президентинин тиешелүү чечимине чейин эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана учууларды аткарган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропортторунда
1 (бир) айдан ашык базаланбаган аба кемелери (самолеттору/вертолеттору) бар авиакомпаниялардын ишин текшерсин;
2) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбеген авиакомпаниялардын эксплуатантынын каттоосун жана сертификатын жокко чыгарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Пикир

Оставить комментарий