Австрияда Кыргызстан тарабынан уюштурулган энергетикалык инвестициялык форум башталды

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Австрияда Кыргызстан тарабынан уюштурулган энергетикалык инвестициялык форум башталды.

Форумда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу региондогу байланышты гана эмес, континенталдык кызматташтыктарды бекемдерин билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, форум долбоорлорду жана демилгелерди жүзөгө ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

“Форум тажрыйба алмашуу менен чектелбестен, стратегиялык өнөктөштүктү арттырууга аянтча болуп бере аларына ишенем. Мындагы демилгелер жана долбоорлор жашоо шартты жакшыртууга, жер шарынын жаратылыш байлыктарын сактоого жана узак мөөнөттүү өнөктөштүгүбүздүн негизин камтыган иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ойлойм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган. Анда Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоору талкууланмакчы. Акылбек Жапаров өлкө боюнча баяндама жасап, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик жыйындарга катышат.

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азиядан, Европадан, Жакынкы Чыгыштан делегациялар, жеке инвесторлор, ири инвестициялык банктардын жана компаниялардын өкүлдөрү, электр станциялары жана подряддык уюмдар ошондой эле гидроэлектростанциялар үчүн жабдууларды чыгаруучу алдыңкы компаниялар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий