• 87
  • 90.59
  • 0.86

Австриялык компания Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт

Экономика 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Австриянын Andritz Hydro компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, меморандумга Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Австрияга иш сапарынын алкагында кол коюлду.

Меморандумга энергетика министри Ибраев менен Andritz Hydro компаниясынын башкы директору Фредерик Саузе кол коюшту.

Документтин негизги максаты Кыргызстандын энергетика жаатындагы долбоорлорун өнүктүрүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: Andritz Hydro компаниясы 1852-жылы негизделген жана Австриядагы Грац шаарынын аймактарынын биринин атынан коюлган. Дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан кайра жаралуучу энергия рыногунда электромеханикалык жабдууларды жана гидроэлектростанцияларды тейлөө боюнча дүйнөдөгү алдыңкы сатуучулардын бири. 185 жылдык тажрыйбага жана дүйнө жүзү боюнча орнотулган жабдууларга таянуу менен компания жаңы жана иштеп жаткан гидроэлектростанциялар үчүн чакан ГЭСтерден ири ГЭСтерге чейин инновациялык чечимдерди сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий