• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Автандил Арабаев: Төрага Шакиевдин Конституциялык соттун отставкасын талап кылганы жүйөлүү

Аналитика 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында Конституциялык соттун өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча конституциялык мыйзам долбоорун талкуу учурунда төрага Нурланбек Шакиевдин азыркы иштеп жаткан соттун бул органынын отставкасын талап кылганы салттуу-адаттык эле эмес, юридикалык жактан да жүйөлүү.

Биринчиден, Конституциялык соттун балага фамилиясы, аты менен бирге атасынын аты ордуна энесинин атын каттоого жол ачкан чечими кыргызды кыргыз кылып, кылымдарды кечирип келген улуу салтыбызга туура келбейт.

Кыргыздар үй-бүлө куруу, тукум улоо, балага ат коюу жана анын атына атасынын атын кошуп айтуу, жети атасынын атын билүү, жалпы эле баланын ата-тегин аныктап-айта жүрүү – мына ушунун баарына өзгөчө көңүл бөлүп, аларды ыйык тутуп келген. Себеби кыргыздын урук-уруулары атанын атынан улам пайда болуп, көбөйүп, жайылып, өсүп-өнүгүп жүргөн. Ушул касиетинен улам кыргыз кыргыз болуп, канын бузбай, аны таза кармап, кылымдар бою өзүнүн иденттүүлүгүн жана улуттуулугун сактап келген. Демек, баланын ата теги, атасынын аты менен анын өз аты жалгыз эле ошол бала үчүн эмес, жалпы кыргыз коому жана анын келечеги үчүн өтө маанилүү маселе.

Өкүнүчтүүсү учурда айрым саясатчыларыбыз менен чиновниктерибиз ошол улуу салттын, адаттарыбыздын, коомдогу адеп-ахлак менен жүрүм-турумдун маани-маңызын түшүнүп-түшүнбөй, көңүл кош мамиле жасаганынан улам, заманыбыз кыргызга жат көрүнүштөргө кептелип турганы.

“Заманды заман жеп койду,

Заманаң кургур ит болду,

Асманың түшүп кеткендей

Адамга адам жат болду!” – дегендей, “адам укугу”, “демократия”, “либерализм” деп отуруп, салт-санаабыздан айрылып, нарк-насилибизди унутуп, биздин салттуу көз-карашыбызга жана жүрүм-турумубузга жат болгон кайдагы бир бүдөмүк идеологияларга “сугарылып”, кыргызды кыргыз түшүнбөй баратабыз. Албетте, мындай терс көрүнүштөргө бөгөт койбосок болбойт.

Экинчиден, Конституциялык соттун чечими жаңы кабыл алынган Конституциябызга жана жалпы эле улуттук мыйзамдарыбызга да туура келбейт.

2021-жылы кабыл алынган Конституциябыздын башаты болгон анын Преамбуласында “ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып”, “азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүп, ушул Конституцияны кабыл алабыз”, - деп жазылып турат.

Демек, ата-бабаларыбыздан бизге аманат калган улуу кыргыз наркы менен салтын сактоо – баарыбыздын милдетибиз. Ошону менен бирге, бул эң жогорку деңгээлдеги укуктук идеялык башат-принцип катары Конституциябыздын саясий-укуктук жана идеологиялык концепциясынын негизин аныктайт.

Ага ылайык, мамлекет, анын органдары жана кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, анын ичинде мыйзам кабыл алабы же башка чечим кабыл алабы – бардык учурда кыргыздын наркы менен салтын сактоого жана өз чечимдеринде аларды эске алууга милдеттүү болушат. Ар бир кызмат адамы анын чечими коомго, анын келечегине зыяны тийбейби деген маселени дайыма көңүл чордонунда алып жүрүүсү абзел. Ал эми кыргыздын нарк-насили, салты өтө сезимтал улуттук маселе болгондуктан, алар аяр мамилени талап кылышат.

Конституциябызды талдоого келсек, кыргыздын наркы менен салтын сактоо принциби Преамбулада гана эмес, андагы коомдун саясий, социалдык, руханий-маданий негиздерин бекиткен 4-, 7-, 10-, 20-, 21-, 26-. 27-, 47-, 53-, 56-, 65- жана башка беренелеринин да маңызы менен мазмунунда чагылдырылып турат.

Ошондуктан Кыргызстандын улуттук мыйзамдары баланын атасынын атына жана анын расмий катталышына өзгөчө көңүл бөлөт.

Алсак, Балдар жөнүндөгү кодекстин 12-беренесинин 3-бөлүгүндө баланын жеке өзүнчөлүктөрүн (индивидуалдуулугун) сактоо укугунун негизги кепилдиктеринин катарында анын атын, фамилиясын жана атасынын атын аныктоо каралып, анын укуктук тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат деп жазылган.

Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзамдын 4-беренесинде милдеттүү мамлекеттик катталууга тийиш болгон жарандык абалдын түрлөрүнүн катарында да жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты жөнүндө гана айтылат. Ал эми 17-беренесинде туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы жана аты менен бирге атасынын атын гана жазуу тартиби каралган. Анда “Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат” деп так жазылган.

Мындан сырткары, бул Мыйзамдын эң баалуулугу баланын фамилиясы, аты менен атасынын атын мамлекеттик каттоодо кыргыздын тиешелүү улуттук салттарынын сакталышын кепилдегенинде жатат.

Ошол эле учурда, улуттук мыйзамдарыбыз расмий каттоо маселесинде “баланын энесинин аты” түшүнүгүн камтыбайт.

Демек, Конституциялык соттун матроним институтун иштеп чыгуу боюнча сунуштары бул органдын өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткенин да айгинелейт.

Анткени Конституциялык сот анын ыйгарым укуктарын, конституциялык сот өндүрүшүн жөнгө салган Конституция жана конституциялык мыйзамдар боюнча ага келип түшкөн маселенин предметтик маңызы менен мазмунун укуктук гана жактан, болгондо да Конституциянын гана чегинде кароого жана чечим чыгарууга укуктуу жана милдеттүү. Ал Конституцияны чечмелөөдө анда каралбаган укуктук институттар, принциптер менен ченемдерди талкуулап же аны жаңы жоболор менен толуктоого бул органдын укугу жок. Конституцияны ким же кайсы орган, кандай шарттарда жана тартипте кабыл алынышы Конституциянын өзүндө так жазылган.

Ошентип, Конституциябыз жана жалпы эле улуттук мыйзамдарыбыз кыргыздын эзелтен бери бапестелип-сакталып келе жаткан улуу салты менен наркына, мамлекеттик позитивдүү мыйзамдарга чейин кыргыз коомунда абалтан бери колдонулуп келген адат укугуна да туура келип, аларды улап жүрөт.

Ал эми Конституциялык сот жогоруда аталган чечимди чыгарууда, бир жагынан, Конституциябыз менен мыйзамдарыбыздын тиешелүү принциптери менен ченемдерин жетекчиликке албаганы, экинчи жагынан, ата-бабаларыбыздын наркы менен салтын эске албаганы ачык көрүнүп турат.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Арабаев

Пикир

Оставить комментарий