• 87
  • 90.59
  • 0.86

Автобус, троллейбустар 11-майдан тарта иштей баштайт – Асрандиев

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда автобус, троллейбустар 11-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, кичи автобустардын жана базарлардын (азык-түлүктөн башка) ишин жандандыруу оорунун массалык түрдө таралышына себеп болушу мүмкүн. Мындан улам алардын ишин жандандыруу кийинки убакка калтырылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий