• 87
  • 90.63
  • 0.79

Автогаз тартыштыгы, таксинин кымбатташы. Эл өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрдү

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар аймактардагы актуалдуу маселелерге көңүл бурушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолун кышкысын көзөмөлгө алуу, керектүү техникалар менен камсыздоо жана кар күрткүсүнөн өз убагында тазалап туруу жагдайларын белгиледи.

Ал эми, Дастан Бекешев Бишкек шаарында эски турак жайлардын бузулушу тууралуу маалымат коомчулукта кызуу реакция жаратканын айтты. Эл өкүлү анын ордуна инфраструктураны оңдоп, социалдык обьекттерди курууну демилгеледи. "Бизде канализация түтүктөрү эскирген. Мына, жылуулук тармагынын түтүктөрү туруштук бере албай, жарылуу болуп жатат. Муздак суу, канализация, ысык суу, жылуулук менен камсыздоо-бул кантип ишке ашат?”- деди.

Эл өкүлү Рустамбек уулу Советбек Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында эл менен болгон жолугушууда айтылган социалдык обьекттерди куруу, анын ичинде 1960-жылы салынган оорукананын жараксыз имаратын жаңылоо талабын жеткирди. Ал эми депутат Бактыяр Калпаев унаа газынын тартыштыгы, ага болгон баалардын көтөрүлүшү боюнча көйгөйдү айтып, бул жагдайды жөнгө салууну белгиледи.

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр каналын оңдоо эл аралык донорлор аркылуу башталып жаткан чакта, тендер иштери созулуп, курулуш иштери кечигип жатканы тууралуу маселени көтөрдү. Ошондой эле аймактагы бир катар айылдардын сууга муктаждыгын эске алып, бул маселени тез арада чечүүнү айтты.

“Яндекс” такси паркынын баасынын кымбаттыгын, айдоочулардын кайрылуусун депутат Жанарбек Акаев көтөрдү. "Яндекс" - рынокто монополистке айланды. Алар өздөрү каалагандай баа коюп жатышат. Биздин рынокко 7% менен кирип, учурда кызмат акысы 21%га жетти. Буга мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир чара болуш керек”,- деди ал.

Депутат Кундузбек Сулайманов айыл өкмөт башчылардын, аймактагы мэрлердин кызматтык унааларын жаңылоо муктаждыгын белгиледи. Депутат Бакытбек Марипов Москвага болгон сапарындагы мигранттардын кайрылуусун айтып, негизсиз текшерүүлөр боюнча маселени көтөрдү. Ошондой эле ал өлкөнүн ички аба каттамдарына болгон жогору бааларды көзөмөлгө алуу талабын койду.

Мындан тышкары, депутат Русланбек Жакышов “Талас келечек балдары” кайрымдуулук фондунун кайрылуусуна токтолуп, шал оорусу (ДЦП) менен ооруган балдарга аймакта өзүнчө борбор куруу маселесине кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий