• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Автоинспекторлор айдоочулардан алчу паранын өлчөмүн көбөйтө баштады – депутат

Коом 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Жаңы кабыл алынган мыйзамдардын шылтоосу менен жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери автомашина айдоочулардан алчу паранын өлчөмүн кескин көбөйтө баштады. Бул тууралуу депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандардан бул маселе боюнча кайрылуулар түшүүдө.

– "Коопсуз шаар" жакшы долбоор, мыйзамдар да жакшы, айып пулдар көтөрүлдү. Бирок, аны өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн немелер да жок эмес. Өкмөт, укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун сактоо кызматкерлеринин мындай жосунун көзөмөлгө алышы керек, – дейт депутат.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айы пул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айып төлөйт.

5500 сом өлчөмүндөгү айып куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга салынат. Ушундай эле сумма айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго тиешелүү.

Дагы бир маанилүү өзгөрүү, эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды.

Пикир

Оставить комментарий