“Автокредитти жеңилдетилген каржылоо” долбоорун ишке ашыруу тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо” долбоорун ишке ашыруу тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.

Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген насыялык каражаттарды берүү аркылуу ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерге жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко суроо-талапты жогорулатуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык жабдууларды чыгаруу боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Документке ылайык, 2024-жылдын башына карата бюджеттик каражаттардын бош калдыктарынын эсебинен жеңилдетилген кредиттерди берүү үчүн уставдык капиталды көбөйтүү үчүн долбоорду ишке ашырууга катышуучу “РСК Банк” ачык акционердик коомуна 47,1 млн сом жана “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна 47,1 млн сом бөлүнөт.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2024–2028-жылдар аралыгы. Насыянын шарттары болсо, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн 100 млн сомго чейин, ал эми жеке жактар үчүн 3 млн сомго чейин. Насыянын мөөнөтү - 60 ай. Акыркы пайыздык ставка - жылдык үстөгү 8%.

Пикир

Оставить комментарий