• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Автономердин сактоо мөөнөтү 1 жыл – Каттоо кызматы

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Автомобилдик номердин сактоо мөөнөтү 1 жыл. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы унаа каражаттарын каттоо боюнча токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр киргизилди. Күбөлүгү бар өзгөчө сандар комбинациясы менен болгон мамлекеттик номер белгилеринин сактоо мөөнөтү аныкталды.

Эми мамлекеттик унаа номери МККнын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесине тапшырылгандан кийин 1 жыл сакталат.

“Эгерде күбөлүгү бар унаа номердин ээси 1 жылдын ичинде унаага каттоо үчүн кайрылбаса, анда ал жок кылынат. Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурду күбөлүктү көрсөткөндөн кийин калыбына келтирүүгө болот. Ал эми эски үлгүдөгү мамлекеттик номерлерди калыбына келтирүү мүмкүн эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий