• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байматов Ильзат Ахметовду Кыргызстан үчүн ойноого чакырды

Спорт 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын белгилүү футболчуларын бири, улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов москвалык ЦСКАда ойноп жаткан Ильзат Ахметовко кайрылуу жасап, аны Кыргызстан үчүн ойноого чакырды. Мындай билдирүүсүн Байматов өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн видеосунда билдирди.

Эске салсак, Ахметов Кыргызстанда төрөлүп, өсүп, кийин Россиянын жарандыгын алган. Аны Кыргызстандын улуттук курамасына алууга бир топ аракеттер болгон, бирок Ахметов баш тарткан.

"Ильзат менен биз жакындан тааныш эмеспиз. Бирок сенин жетишкендиктерин, сенин оюнун бизге дем берет. Сенин Россиянын курама командасы үчүн дебютуң жаракаттын айынан кичине кечеңдеп атат. Сен ойлонуп көрсөң, Кыргызстанда сени баары жакшы көрөт, кыргыз футболунун келечеги силерде, жаңы муунда. Сен Россияда өзүңдү мыкты көрсөттүң. Ал жакта эми легионер болуп эсептелбейсиң. Валерий Кичин мыкты мисал", – деди Байматов.

"Биз сени менен бир катарда ойногубуз келет. Балким биз Дүйнө чемпионатына чыгып калабыз. А балким, эмнеге жок. Биз азыр Азиянын күчтүү командаларына каршы татыктуу оюн көрсөтүп, жеңишке жетип атабыз", – деп кошумчалап, – "Ойлонуп көр, жакшылап ойлонуп көр. Ата-энең менен кеңешип көр. Өзүңдүн жүрөгүңдү ук".

Байматов өзү дагы башка өлкө үчүн ойноого сунуштар көп болгонун айтып, Казакстан, Латвиянын жарандыгын ала алмак экенин билдирди.

"Бирок мен Кыргызстандыкмын, мен кыргызмын. Мен Кыргызстан үчүн ойноп, жеңиштерге жетким келет", – деди Байматов.

Ал мындан тышкары, Кыргызстанды Азия Кубогун плей-офф баскычына чыгышы менен куттуктады.

Азамат Байматов Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны. 2018-жылдын сентябр айында жаракат алып, Азия Кубогуна катыша албай калган.

Анын ордуна Азия чемпионатында Валерий Кичин команданын капитаны болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий