• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Азаматсың! Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло байге утту

Спорт 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин коло медалын жеңип алды.

Ал 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында болгариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде утуп алган.

Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудудуга 2:3 эсебинде утулуп калган.

Нигериялык спортчу финалга чыккандыгы үчүн Жуманазарова көңүл жубатарлык беттешке чыга алды. Кыргызстандык спортчу ал беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде утуп, коло үчүн күрөшкө чыкты.

Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын куржунуна алгачкы күмүш медалын Акжол Махмудов салды.

Пикир

Оставить комментарий