• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Азербайжан бийлиги Адамкул Жунусовду экстрадициялоого макулдук берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. / Кабар/. Бакунун соту КРнын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду камакка алуу жана экстрадициялоо боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекетттик кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалганды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

“Тийиштүү кагаздар түзүлгөндөн кийин Жунусов Кыргызстанга жөнөтүлөт”, - деп билдиришти каржы полициясынан.

Белгилей кетсек, А. Жунусов кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Ал ушул жылдын август айында издөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий