Азербайжан Кыргызстанга мунай продукцияларын жеткирүүгө даяр экенин билдирди

Экономика 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Азербайжан Кыргызстанга мунай продукцияларын жеткирүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчысы баштаган мамлекеттик сапардын алкагында Гейдар Алиев атындагы Баку мунай заводунун (СОКАР) жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анда тараптар Азербайжандан Кыргызстанга мунай продукцияларын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"Азербайжан мунай продукцияларын эң ири экспорттоочу өлкөлөрдүн бири. Жакында Кыргызстанда "Жунда" мунай иштетүүчү заводу да иштей баштайт, жылдык керектөөсү 1 млн тоннадан ашык күйүүчү майга жетет. Буга байланыштуу СОКАР компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстанга мунай жеткирүү маселелери талкууланган. Өз кезегинде алар кызматташууга даяр экенин билдиришти. Учурда логистикалык маселенин үстүндө иштеп жатабыз", - деди ал.


Гейдар Алиев атындагы Баку нефтини кайра иштетүүчү заводу (СОКАР) Закавказье аймагындагы эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири.

Пикир

Оставить комментарий