• 87
  • 90.43
  • 0.88

Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.

"Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоо чечими кабыл алынды", — деп айтылат президенттин буйругунда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-ноябрда J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын 16 жараны бар экендиги айтылып, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 28 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий