• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Азербайжанда театралдык сезон Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы менен ачылды

Маданият 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Азербайжанда 2024-2025-жылдардагы театралдык сезон улуу кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов катышып, сөз сүйлөдү.

Ошентип, жаңы сезондун ачылышында Азербайжандын Мамлекеттик академиялык улуттук драма театрынын сахнасында Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" (Ана Тарла) аттуу чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү. Белгиленгендей, чыгарма белгилүү азербайжан акыны Тимур Эльчин тарабынан азербайжан тилине которулган.

Спектакль Баку муниципалдык театры тарабынан театрдын директору жана көркөм жетекчиси Айнура Мухтарова жана режиссёр, сценарист жана эл артисти Мерахим Фарзалибековдун жетекчилиги менен коюлду.

Салтанаттуу сөзүндө Элчи Максат Мамытканов Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын жарык көрүшү жана анын Бакунун театр сахнасында коюлушу тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, бул иш-чара Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналганын айтты.

Ошондой эле 2008-жылдын 25-февралында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Чынгыз Айтматовду Азербайжандын эң жогорку №1 "Достлуг" ("Достук") ордени менен сыйлаганын эске салды.

Азербайжанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы менен театралдык сезонду ачуу эки боордош элдин достугунун жана урматтоосунун жаркын мисалы болуп, эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн көрсөтүп турары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий