• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азербайжандын Шуша шаарында II Глобалдык медиафорум өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 21.07.24. /Кабар/. Азербайжандын Шуша шаарында II Глобалдык медиафоруму ишин улантууда.

Иш-чарага Кыргызстандан президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жана Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев катышууда.

Форумду Азербайжандын президентинин жардамчысы Хикмет Гаджиев ачып, ал өз сөзүндө маалымат таратуудагы маанилүү аспектилерге кеңири токтолду.

Белгилей кетсек, "Жалган баяндарды ачуу: жалган маалыматка каршы күрөшүү" деген темада өтүп жаткан II Глобалдык медиа форумуна дээрлик 50 өлкөдөн 150дөн ашык чет элдик коноктор, анын ичинде 30га жакын өлкөнүн маалымат агенттиктеринин, 3 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана 82 медиа субъекттери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий