• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ажылык-2023. Каттоого кайсы документтер керек?

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ажылыкка баруу үчүн кезекте турган 4 миң 313 жаран “РСК Банкка” 1 миң доллар акча төлөп, аймактык операторго бир катар документтерди тапшырышы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.

Абдылдаев керектүү документтерди тизмектеп кетти:
— жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү;
— тууганчылыгын тастыктаган документ (эгер бирөө менен бара турган болсо);
— 3x4 өлчөмүндөгү сүрөт;
— №086/ж медициналык маалым кат.

“Мындан сырткары, ажылар менен муфтияттын ортосунда келишим бар, ошол келишимге кол коюшу керек. Кийиминин өлчөмүн дагы айтып коюшу абзел”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан 14-февралга чейин (2019-жылдан бери каттоодо тургандар үчүн) жүргүзүлөт. Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий