Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. 2025-жылдагы ажылык сапарын уюштуруунун алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия Сауд Араб падышачылыгындагы кызмат көрсөтүүчү компаниялар ортосунда тандоо иш-чарасын расмий түрдө баштады.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, күн мурун комиссиянын алгачкы отуруму өтүп, анда төмөнкү маанилүү маселелер талкууланды:
- ажыларга кызмат көрсөтүүчү компанияны (Муассаса) тандоо;
- тамак-аш менен камсыздоочу компанияны тандоо;
- транспорттук кызмат көрсөтүүчү компанияны (автобустар) тандоо;
- курмандыктын малын ажылык мезгилинде союучу компанияны тандоо;
- мадина шаарында ажыларга мейманкана берүүчү компанияны тандоо.
Жыйындын жүрүшүндө ажылык учурунда Кыргызстандык ажыларга кызмат көрсөтүүчү тараптарды тандоо чечими кабыл алынып, атайын талаптар бекитилди. Бул талаптар ажыларга сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ажыларга кызмат көрсөтүү боюнча Сауд Араб падышачылыгынын мыйзамдарына ылайык, кызматташууга кызыктар болгон компанияларды тандоого катышууга чакырабыз. Байланыш номерлери: WhatsApp: +996 500 215 111, 966548957586
Белгиленгендей, документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 3-январы, саат 17:00 гө чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссия 2025-жылдагы ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү жеринде улантууда.
Пикир
Оставить комментарий