Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 21.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. Кийинки индиялык Судеш Кумаринин бутун күрөш башталары менен кайчылаштырып, оодаруу менен жеңишти эрте эле илип кетти.

Медет кызы жарым финалда монголиялык Ганбат Ариунжаргалга каршы чыгып, атаандашына эч мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде жеңди.

Кыргызстандык спортчу финалда кайрадан япониялык Юка Кагами менен күрөшөт. Кагами башында Айпериге утулганы менен кийинки эки атаандашын караандатпай жеңип, финалга көтөрүлгөн.

Айпери Медет кызы 2020-жылы 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий