• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы жарым финалда күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 21.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. Кийинки индиялык Судеш Кумаринин бутун күрөш башталары менен кайчылаштырып, оодаруу менен жеңишти эрте эле илип кетти.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий