• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курамасы 6 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын (U-20) мүчөлөрү Азия чемпионатында 6 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Таиланддын Срирача шаарында өтүп жатат.

Ошентип Нуристан Сүйөркулов (60 кг), Кутман Темирбеков (72 кг) жана Эрлан Марс уулу (77 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми Ынтымак Өмүр уулу (55 кг), Сабит Шемшединов (63 кг) жана Артык Алымбек уулу (87 кг) 3-орунду ээлешти.

Кыргызстан жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду камсыз кылды. Курама команда улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий