• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Азия чемпионаты. Кыргызстандын Пенчак Силат боюнча курамасы 5 медаль жеңди

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Пенчак Силат боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында жалпысынан 5 медаль (2 алтын, 3 коло) жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 7-16-октябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында өттү.

Чоңдор арасында 70 кг чейинки салмак категориясында Алижан Аблагатов жана кыздар арасында 30 кг чейинки салмак категориясында Арууке Бикбоева Азия чемпиондору болушту.

Ошондой эле Бексултан Алыбеков (50 кг), Темир Бикбоев (63 кг) жана Азат Бейшенбеков (38 кг) өз салмак категорияларында 3-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий