• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия чемпионаты U-20: Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 4 медаль - 2 күмүш, 2 коло жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Таиланддын Срирача шаарында өтүп жатат.

Таңчолпон Кыбалбекова(62 кг) жана Кайыргүл Шаршебаева (72 кг) күмүш медалга ээ болсо, Айтолкун Медет кызы (59 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (68 кг) 3-орунду ээлешти.

Курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий