Азия чемпионаты (U-23): Балбан кыздар алтын жана күмүш медаль жеңишти

Спорт 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 72 кг чейинки салмакта биринчи айлампада индиялык балбанды 7:0 эсебинде утту. Кийин казакстандык жана өзбекстандык Светлана Окназарованы 10:0 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону аталды.

Ошондой эле улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Дилназ Сазанова аталган чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Спортчу 65 кг чейинки салмакта алгачкы айлампада монголиянын балбанын 10:7 эсебинде, экинчи айлампада индиялык Антим Антимге 7:5 эсебинде жеңилүү ызаасын тартып калган. Кийин тайбейлик балбанды 10:2 эсебинде уткан. Акыркы айлампада казакстандык Гулсезим Бурхаеваны жеңип, күмүш медалга ээ болду.

Эске салсак, буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча чейин Нурзат Нуртаева 68 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, Кайыргүл Шаршебаева 76 кг салмакта күмүш медалга жана Арууке Кадырбек кызы 55 кг чейинки салмакта коло медалга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий