• 87
  • 91.26
  • 0.84

Азия чемпионаты U-23: Кыргызстандын грек-рим курамасы 7 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-23) 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана төртөө коло медаль:

  • Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) — алтын;
  • Артык Орозбеков (130 кг чейинки салмакта) — күмүш;
  • Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) — коло медаль.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке улук машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында катышууда.

Пикир

Оставить комментарий