• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия футбол конфедерациясы бардык футболдук беттештерди жылдырды

Спорт 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы май жана июнь айларында өтө турган бардык футболдук оюндарды жана мелдештерди белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

"АФК улуттук футбол ассоциациялар менен клубдар арасындагы беттештер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат. Ошондой эле АФК кубогу жана АФКнын Чемпиондор лигасынын тайпалык беттештерин аяктоо үчүн бардык варианттарды караштырат", - деп билдирет Кыргыз футбол бирикмеси.

Бегилей кетсек АФК кубогунун тайпалык оюндарында кыргызстандык "Дордой" клубу катышат.

Пикир

Оставить комментарий