• 87.86
  • 93.94
  • 1

Азия кубогу - 2023: Кыргызстандын жаштар курамасынын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда 20 жашка чейинки жаштар арасында Азия кубогунун финалдык турнирине чүчүкулак тартуу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Азиянын эң мыкты 16 курамасы төрт командадан турган төрт топко бөлүндү. Ар бир тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген команда чейрек финалга чыгат. 20 жашка чейинкилер арасында Азия кубогунун финалдык турнири 2023-жылдын 1-мартынан 18-мартына чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт.

• А тайпасы - Өзбекстан, Индонезия, Ирак, Сирия.

• В тайпасы - Катар, Австралия, Вьетнам, Иран.

• С тайпасы - Корея Тажикстан, Иордания, Оман

• D тайпасы - Сауд Аравия, Япония, Кытай, Кыргызстан.

Командалар 2023-жылы Азиянын Ардак кубогуна, ошондой эле Индонезияда 20-майдан 11-июнга чейин өтө турган FIFAнын 2023-жылы өтө турган U20 Дүйнө чемпиондугуна төрт жолдомо үчүн ат салышат.

Пикир

Оставить комментарий