• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Спорт 0

Бишкек, 27.09.2024. /Ырыскул кызы Нурзада - Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан - Түркмөнстан футбол боюнча жаштар курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди.

Беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. 29-сентябрда жаштар курама командасы тайпадагы акыркы оюнда Япониянын курамасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий