Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы энергетика секторун колдойт

Экономика 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон темалар талкууланды.

Атап айтканда:
- 2023-2027-жылдарга Кыргызстан үчүн өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы (ӨӨС);
- АӨБнын климаттын өзгөрүшүнө, энергетикага жана жеке секторго өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча келечектеги планы;
- Бюджетти колдоо.

Өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга, инновацияларды киргизүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүүгө маанилүү басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү, энергетика жана жеке сектор чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү АӨБнын колдоосу боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий