Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сапаралиев Азис Айнабаевич жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
02/07/24 10:08 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий