• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азиз Биймырза уулу "Манас" театрынын директору кызматынан кетти

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Манас" театрынын негиздөөчүсү, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана "Даңк" медалынын ээси Азиз Биймырза уулу башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен директорлук кызматын тапшырды.

Театрдын маалымат кызматы билдиргендей, директор менен бирге орун басары Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана КР Ардак грамотасынын, ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисинин ээси Шайырбек Абдырахман уулу дагы өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери Нурбек Талантбеков аталган театрдын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Министрдин чечимин жалпы жамаатка анын орун басары Темирлан Ажымалиев тааныштырып, мурдагы жетекчиликке жана жаңы дайындалган жетекчиликке ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Азиз Биймырза уулу бул жооптуу кызматка 2021-жылдын сентябрь айынын этегинде Дүйнөлүк эпос айтуучулардын фестивалынын алкагында 33 штаттык бирдик менен жаңы ачылган Кыргыз Мамлекеттик “Манас” театрына ошол кездеги министр Кайрат Иманалиевдин буйругу менен дайындалган. Ал эми Шайырбек Абдырахман уулу директордун орун басары кызматына ушул жылдын январь айында келген.

Пикир

Оставить комментарий