Азиз Мадаминов бильярд боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш медалын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. 12-17-июнь күндөрү Россиянын Сургут шаарында өткөн бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Азиз Мадаминов күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азиз Мадаминов турнирдин финалына чыгып, беларусиялык Денис Колосовго 7:6 эсебинде утулуп калган.

Кыргызстандын улуттук курама командасына Дастан Лепшаков, Азиз Мадаминов, Ызатбек Ратбеков, Каныбек Сагынбаев, Мирлан Абдыкаров, Кайрат Абсатаров, Зайлан Адамов, Абдулазиз Айсаев, Атабек Анваржанов, Калыбек уулу Арсен, Артур Огобаев, Улукбек Пириев, Канат Сыдыков, Абдулла Тагаев жана Сыймык Ураимовдор кирген.

Ал эми алардын арасынан Зайлан Адамов, Ызатбек Ратбеков, Сыймык Урайимов жана Дастан Лепшаков 17-32-орундарды ээлеген оюнчулардын катарына кирди.

Аталган дүйнө чемпионатына 19 өлкөдөн жалпы 89 оюнчу катышкан. Алар, Россия, Кыргызстан, Түркмөнстан, Египет, Кения, Алжир, Камерун, Корея, Беларусь, Азербайжан Германия жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий