• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Азыгалиев Италиянын депутаттар палатасынын мүчөсү Эдмондо Чириелли менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары, Италиянын депутаттар палатасынын мүчөсү Эдмондо Чириелли баштаган италиялык делегация менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Кыргызстан ачык тышкы саясат жүргүзүп, эл аралык парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө умтулууда. Бул контекстте мен Италия менен парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенибизди билдиргим келет»,- деди Нурланбек Азыгалиев.

Жогорку Кеңеште Италия менен достук тобу түзүлгөнүн, аны парламенттик фракциялардын биринин лидери жетектерин айткан төраганын орун басары парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максаттарына токтолду.

«Италия парламентинде Борбор Азия өлкөлөрү менен достук тобу бар. Бирок, Кыргызстан менен өзүнчө достук тобун түзүүгө кызыкдарбыз»,- деди төраганын орун басары.

Өз кезегинде Эдмондо Чириелли Италиянын Борбордук Азия аймагы жана Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ынтызар экенин ырастады. Ал соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар “Италия + Борбордук Азия” платформасынын алкагында кызматташуу, Италияда жашап, эмгектенген жаткан кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу сыяктуу бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий