• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү – Төрөбаев

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Төрөбаев мекеме президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөнүн белгилеп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам бере турган билимдин жана инновациянын борборуна айланарын айтты.

"Бүгүн биз институттун курамын жана кызмат ордун бекитебиз. Ал биздин агроөнөр жай саясатыбыздын өнүгүшүн жаңы этабы болуп калаарына ишенем. Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз тамак-ашка жетүүсү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Бул биздин жалпы милдетибиз", - деди Бакыт Төрөбаев.

Ал кошумчалагандай, институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү үчүн эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен активдүү кызматташуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий