Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. 2021-жылы жылдык инфляциянын көрсөткүчү 10,7%ды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук банкы билдирди.
Тактап айтканда, негизинен азык-түлүк товарлары (күн карама майы, эт жана кумкешер) жана күйүүчү-майлоочу майлар, керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү уланууда.
2021-жылы майда (21-күнүнө карата) жылдык инфиляциянын көрсөткүчү 10,7%ды түздү.
Дүйнөлүк базарларда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү азык-түлүк товарларына баанын кымбатташы өлкөдөгү инфиляциялык тобокелдиктердин сакталып калышынын негизги себеби болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий